Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Оливье Бангертерди кабыл алды. 

Министр Казакбаев аны бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады. Тараптар алдыдагы кызматташтык алакалары боюнча маселелерди талкуулап, келерки жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты. 

Министр Казакбаев стратегияга санариптештирүү, экология маселеси, региондорду жана агрардык секторду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду киргизүүнү сунуштады. Мындан тышкары, тараптар кыргыз-швейцар мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.