Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын колдоосу менен «Чакан ГЭС» ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды.
Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.
«Бала-Саруу» ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
«Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВтс электр энергиясын өндүрөт.
Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, ага керектелчү каржылоо булактарынын көлөмү — $22,9 миллионду түзөт. Учурда аны каржылоо боюнча маселе Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат жана маселе өнүккөн фазасында.
Бул долбоордун максаты энергетикалык компаниялардын кирешелүүлүгүн жогорулатуу эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. «Бала-Саруу» ГЭСи электр тармактары үчүн жагымдуу жана ишенимдүү иштөө режимин түзүп берет.