Чүй облусунун аймагында соңку бир жумада жол эрежесин бузуу боюнча 3 012 факты катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мас абалында унаа башкарган 59 факты, катуу ылдамдыкта унаа башкаруу боюнча 945 факты, тиешелүү документтери жок унаа башкарган 34 факты катталган. “Токтотулган унаалардын ичинен 88и айып короосуна киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.