Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы пайдаланууга берилгени турат. Имараттын курулушу толугу менен аяктап, керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган.
Ооруканада жүрөк-кан тамыр оорулары, боор ооруларына чалдыккан бейтаптар дарыланат. Жандандыруу бөлүмүндө 71 орун, дагы 51 орун өзүнчө каралган.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон мамлекеттик иш сапарында оорукананы ачуу жөнүндө сөз болгон.