Баткен жана Лейлек райондорунда чек ара окуясында өрттөлүп, жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү жана талкаланган 140 тамды башынан куруу жумуштары дээрлик аяктап калды.
Лейлекте 60 үй толугу менен курулуп бүтүп, тургундар көчүп кирди, дагы 24 турак-жай пайдаланууга берүүгө даяр. Ал эми ы аткен районунда да 3 айдан бери курулуш иштери тынымсыз жүрүп, чек арада болгон кол салуудан жабыркагандарды тез арада жаңы үйлөргө жайгаштыруу аракети жүрүүдө. Муну менен катар социалдык объектилерди калыбан келтирүү менен инфраструктураны жакшыртууга да өзгөчө маани берилген.