Жаңылыктар
Евразия экономикалык комиссиясына Кыргызстандан эки министр дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Евразия экономикалык комиссиясына Кыргызстандан эки министр дайындалды

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык комиссиясына Кыргызстандан эки министр дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Максат Мамытканов ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри болду. 

Ал Евразия экономикалык биримдигинин бажы кызматташтыгынын маселелерин карайт. Ал бул кызматка Олег Панкратовдун ордуна барды. Мамытканов 2020-2021-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 

Ал эми Темирбек Асанбеков ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалды. Ал Евразия экономикалык биримдигинде траспорт, инфраструктура жана энергетика маселелерин тейлейт. Асанбеков бул кызматка Эмил Кайкиевдин ордуна барды.