Жаңылыктар
"Кумтөр" алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенине бир ай болду
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенине бир ай болду

"Кумтөр" алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенине бир ай болду. Бул убакыт ичинде алтын кенде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, азыркы учурда кен казуу иштеринин көлөмүн көбөйтүп, кендин коопсуз жана сапаттуу иш алып баруусун камсыздай турган чаралар улантылууда. Бир ай ичинде алтын кенде 44 миң унций алтын сатылып, 40 млн доллардан ашык дүң киреше түштү.

“Кумтөр” алтын кенинде азыркы учурда өндүрүш иштери толук кандуу жүрүп жатат. Жумушчулар 100 пайыз ордунда. Алтын ылгоочу фабрикада, кен казылып жаткан карьерде, иши кылып ишканага тиешелүү аймактардын бардыгында кыймыл бар. Центарранын өкүлдөрү алтын кендин маалымат базасын жана коопсуздук, карьерге мониторинг жүргүзүү боюнча негизги системаларды өчүрүп кеткен. Бирок, азыркы учурда анын 90 пайызы калыбына келтирилип, дагы 10 пайызы жакынкы күндөрү толук ишке кирет.

“Кумтөргө” тышкы башкаруу 17-майда киргизилген. Бир ай ичинде компания 82 млн доллардан ашык каражатка 44 миң унций алтын сатты. Дүң киреше 40 млн долларды түздү. Негизи быйылкы жылга Кумтөрдөн 14-15 тоннага жакын алтын өндүрүү планы коюлган, ишкана азыр аны аткаруунун үстүндө иштеп жатат.

Компания тарабынан анын өлкө бюджетинин алдындагы салыктык жана башка төлөмдөр боюнча бардык милдеттер аткарылды. Айлык акылар өз убагында төлөнүп берилүүдө. Азыркы учурда компания кен казуу иштеринин чыгашасын азайтуу жана экологияга болгон терс таасирди төмөндөтүү боюнча комплекстүү иш жүргүзүүдө.

Ишкана мындан ары алтын кенди иштетүүнүн жалпы стратегиясын өзгөртмөкчү. Июнь айында компания жаңы талаптарга ылайык, геологиялык изилдөө иштери үчүн коммерциялык сунуштарды кабыл алууну баштайт. Мындан сырткары кадр резервди камсыздоо үчүн бир катар тажрыйба алмашуу иштери жүрүп жатат. Адистер компаниянын ишин мындан ары ыкчам түрдө өнүктүрүү керек дешет.

Кумтөр кенинин ишмердиги токтоп калбашы үчүн жана өлкөдөгү оор экономикалык жагдайды эске алып, президенттик администрация, министрлер кабинети жана башка мамлекеттик органдар ишканага бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүшүүдө. Жана компания ачык айкын, өлкө мыйзамдарын так сактоо менен иш алып барууда.