Жаңылыктар
"Кумтөр" Кыргызстандын кызыкчылыгына пайдаланылат
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" Кыргызстандын кызыкчылыгына пайдаланылат

“Кумтөр голд компани” ишканасынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк элчилерди кендеги экологиялык абал менен таанышууга чакырды. Ал элчилер менен бирге массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да “Кумтөргө” сапар уюштурууга даяр экенин айтты. Буга чейин Канада менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилери кендин айланасындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, соңку окуялар өлкөнүн инвестициялык абалына терс таасирин тийгизерин айтышкан.