Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт майрамы

Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу бул күнү айт намаздары мечиттерде гана окулду. 

Мындай чечимди буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы чыгарган. Бишкек шаарында болсо Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы белгилеген мечиттерде гана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактоо менен окулду. Намаз эртең мененки саат жетиден 7:35ке чейин окулуп, ал КТРК жана "Ала-Тоо 24" каналдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.