Жаңылыктар
Көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 819 эне «Баатыр эне» ордени жана алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне «Эне даңкы „медалы менен сыйланышты.