Жаңылыктар
Кыргызстанда акыркы бир күндүн ичинде коронавируска каршы 4 миң 95 адам эмделди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда акыркы бир күндүн ичинде коронавируска каршы 4 миң 95 адам эмделди

Кыргызстанда акыркы бир күндүн ичинде коронавируска каршы 4 миң 95 адам эмделди. Анын ичинен 1 миң 552 адам экинчи өлчөмүн алгандар. 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 45 миң 670 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 7 миң 562 адам экинчи дозасын алгандар. Учурда өлкөдө эмдөө “Синофарм” менен “Спутник V” вакцинасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Ал 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө вакцинанын кыйыр таасири катталган жок.