Ош шаарында ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Ош шаардык суу канал" ишканасы билдирди.
Ага ылайык, таза суу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу өчүрүлүп жатат. Ушундай эле себеп менен Ош шаарында мындан үч күн мурун дагы суу берилбей калган. Учурда калаанын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук, Калинин массивдеринде жана башка аймактарда суу жок.
Мындан улам ишкана жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын билдирди.