Президент Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине кечээ туура жүз күн толду. Бул убакыт аралыгында орун алган саясий окуялар арбын. Алардын ичинен эң негизгиси катары конституциянын кабыл алынышын атасак болот.
Жыл жаңырганда өткөн жалпы элдик добуш берүүдө жарандар мамлекеттик башкаруунун президенттик формасын тандашып, ага ылайык баш мыйзамдын долбоору даярдалып, апрелде калың эл кабыл алды.
Узаган аптада президент конституцияга кол койду. Мындан ары Кыргызстан мамлекеттик башкаруунун президенттик түрүнө багыт алды. Ага ылайык, президенттин жарлыгы менен аткаруу бийлиги түзүлүп, министрлер кабинети мурдагы өкмөттүн ишин улантууда.
Албетте, бүгүнкүдөй каатчылык кырдаалда аткарыла турган бир нече багыттар бар. Эң ириде экономиканы калыбына келтирүү, эпидемиологиялык абалды туруктуу кармоо, чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу. Президент да Кыргызстан элине жасаган кайрылуусунда дал ушулар баш болгон бир нече жагдайларды белгилеп өттү.