Жылуу каалоо-тилектин баары учурда замандын сыймыгы болгон ардагерлерге арналууда. Ошто маданият кызматкерлери ардагерлерди жашаган үйлөрүндө куттукташты. Ыйык күндүн ээлерине жылуу каалоо–тилектер айтылып, ыр-күүлөр арналды.
Тарых барактарын эскерген, сыймыктануу, толкундануу каптаган баалуу күндүн ээлерине арналып, өспөс отко гүл чамбар коюлду. Бир мүнөттүк тыныгуудан кийин, асманга үч ирет ок атылды.