Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуядан курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады.
Ошондой эле, өлкө башчысы жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат жана жергиликтүү жашоочулардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулат. Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.