Жаңылыктар
Сүйүнбек Касмамбетов президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Сүйүнбек Касмамбетов президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси болуп дайындалды.

 КАСМАМБЕТОВ Сүйүнбек Сапарбекович

1960-жылдын 8-апрелинде Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарыхчы» адистигин артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1977-жылы Чолпон-Ата шаарындагы № 54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1979-жылы № 54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасынын комсомолдук уюмунун катчысы болуп эмгектенип, 1979-1981-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

1987-1989-жылдары — Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1989-1991-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук компартиясынын идеология бөлүмүнүн инструктору болуп эмгектенген.

1991-1992-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы.

1992-1993-жылдары — Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин жардамчысы.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Маалымат, басма сөз, котормо жана жарыялоо бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси болуп иштеген.

1993-1994-жылдары — Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинде экинчи катчы кызматын аркалаган.

1995-1996-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын жардамчысы.

1996-2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Этика, коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, спорт, туризм, коомдук уюмдар менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси болгон.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппарат жетекчисинин орун басары.

2005-2008-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басары.

2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси.

2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары.

Ал эми 2010-жылы КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары жана КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.

2010-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басары кызматында иштеген.

2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси.

2021-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды.

Бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган: 1986-жылы «Ардак белгиси» ордени, 2007-жылы «Даңк» медалы, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл» мааракелик медалы, «Мамлекеттик кызматтын мыктысы» төш белгиси.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Содружество» ордени жана ошондой эле 30дан ашуун ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.