Азыркы учурда өлкөдө биринчи кезекте каатчылыкка каршы программа иштелип чыгып, экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган негизги багыттар аныкталышы керек. Бул тууралуу тиешелүү тармактардын адистери жана эксперттердин катышуусунда уюштурулган тегерек үстөлдө айтылды.
Адистер жыйында президенттин кайрылуусундагы негизги белгиленген укук, экономика, кадр саясаты жана кыргыз элинин тарыхый маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулашты. Анда аткаруу бийлиги тутумунун жаңы модели жана башкаруунун 4 негизги бөлүгү, Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жана анын катчылыгын түзүү, ошондой кадр саясатына багытталган “Кыргыз ааламы” жана “Келечек” программаларында камтыла турган маселелер ортого салынды.