Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун эвакуацияланган тургундары үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу облустун ишки иштер башкармалыгы кабарлады.
Аймакка милициянын кошумча көчмө пункттары тартылып, милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Психологдор менен медициналык кызматкерлер дагы иш алып барууда.
Эске салсак, тажик-кыргыз жаңжалында Кыргызстандын 36 жараны көз жумду. 200гө жакын адам жаракат алып, көбү оор жаракат менен ооруканаларга жаткырылды. Кагылышуу болгон аймактан жалпы 50 миңден ашуун тургун эвакуацияланган.