Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыкка кол койду. 11-апрелде референдумда кабыл алынган өлкө Конституциясынын негизинде башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу органдарын жана сот бийлигин түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду.
Мамлекет башчысы Өкмөттүн кызматтан кетти деп эсептелгендигин көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Мыйзамдын негизинде министрлер кабинетин кайра түзүүнү, түзүмүн аныктоону токтом кылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Мамлекет башчы өкмөт кызматтан кетти деп эсептелгендиктен төмөнкүлөрдү токтом кылат:
- Кыргыз өкмөтү министрлер кабинетине кайра түзүлсүн;
- Министрлер кабинети өкмөттүн укук мурастоочусу деп эсептелсин;
- Министрлер кабинетинин төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:
- Экономика жана финансы министрлиги;
- Коргоо министрлиги;
- Тышкы иштер министрлиги;
- Юстиция министрлиги;
- Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
- Билим берүү жана илим министрлиги;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- Ички иштер министрлиги;
- Транспорт жана коммуникация министрлиги;
- Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
- Айыл, токой жана суу чарба министрлиги;
- Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлиги;
- Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
Министрлер кабинети төмөнкүлөрдөн турат:
- Министрлер кабинетинин төрагасынан;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынан;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министринен;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министринен;
- КРдин министрлеринен;
- Мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан.
- Министрлер кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;
- Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.