Жаңылыктар
Улуу жеңиш күнүнө карата мектеп окуучулары арасында онлайн сынак башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу жеңиш күнүнө карата мектеп окуучулары арасында онлайн сынак башталды

9-май - Улуу жеңиш күнүнө карата мектеп окуучулары арасында онлайн сынак башталды. Өспүрүмдөрдү ата мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо максатында уюштурулган сынак үч номинацияда болот. 

Экинчи ирет өтүп жаткан сынакка өлкөнүн бардык облустарынан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр катышса болот. Каалоочулар Улуу жеңиш күнүнө арналган сүрөттөрүн, ырларын жана видео куттуктоолорун 0558 77 37 03 ватсап номуруна жиберүүсү керек. Сынак 7-майга чейин уланып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышат.