Жаңылыктар
Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус дагы 265 адамдан табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус дагы 265 адамдан табылды

Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус дагы 265 адамдан табылды. Эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ал эми бир сутка ичинде 152 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1130 бейтап, амбулатордук түрдө 1223 адам дарыланууда. 779 бейтаптын абалы орто оор, 287 адамдын абалы оор жана 38 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 639 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 773 киши айыгып чыкса, 1 миң 546 адам каза болду.