Статистикалык маалыматтар боюнча, ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 1463 учур катталып, балдар арасындагы зомбулук боюнча 129 факты аныкталды. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков буга каршы өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Зомбулукка дуушар болгон аялдардын, балдардын укугун коргоодогу мыйзамды катаалдатуу керек дейт.