Жаңылыктар
«CASA-1000» долбоору энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат - президент С.Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
«CASA-1000» долбоору энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат - президент С.Жапаров

“CASA-1000” долбоору – регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Бул тууралуу 3-апрелде, Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы аталган долбоордун өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин жана бул долбоорду ишке ашыруудагы Кыргызстан үчүн пайдасы экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатарын, жаңы кубаттуулуктарды куруу үчүн инвестицияларды тартууга шарт түзөрүн белгиледи. Садыр Жапаров көлөмдүү чоң иштер аткарылгандыгына карабастан, алдыда көп милдеттер тургандыгын айтты.

Президент ири кредиттик ресурстарды бергендиги үчүн Дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына терең ыраазычылыгын билдирди. Бул долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан кабыл алынган каржылык милдеттенмелер сатыкка чыгарылган электр энергиясынын эсебинен толугу менен жабылып, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине жүк келтирбей тургандыгын белгиледи.

«Энергетика биздин мезгилде коомдун жашоосуна терең таасирин тийгизип жатат. Ал ар бир республиканын экономикасынын негизи болуп саналат жана калктын социалдык жашоо шарттарын аныктайт. Бул факт экономиканын керектөөлөрүн жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын толук канааттандыруу үчүн жаңы ГЭСтерди, электр чубалгыларын, көмөк чордондорду куруунун зарылдыгын жаратууда. Кыргызстандын гидроэнергетикалык дараметин арттыруу жана республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылган электр чубалгыларын куруу – республиканын энергетикалык өнүгүү программасынын негизги стратегиясы», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык майнаптуулук маселеси эң актуалдуу, курч маселелердин бири экенине токтолду.

«“CASA-1000” долбоорун ишке ашырууну баштоодон сырткары, азыркы учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлорду аяктоо «CASA-1000» долбоорунун алкагында электр энергиясын жеткирүү боюнча милдеттенмелерди толугу менен аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет»,- деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоору алкагында электр өткөрүүчү жогорку вольттуу мамычанын пайдубалына капсула салды жана бул долбоор Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн узак жылдар бою кызмат кыла берүүсүн каалады.

Президент ошондой эле аталган долбоорго ак батасын берген жергиликтүү тургундар жана аксакалдар менен баарлашты. Жергиликтүү эле долбоор ишке ашып, бүткүл өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошсо деген тилектерин билдиришти.