УКМК чек ара кызматынын «Жаңы-Жер» аскер кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда май куючу жайлардын биринин кампасына берилген санкциянын негизинде 1-апрель күнү тинтүү жүргүзүлдү.
Кампанын аймагына жүргүзүлгөн тинтүүнүн учурунда, коңшу өлкөнүн жасалма мамлекеттик номерлүү жеңил унаа табылып, анын салонунан 650 литр солярка табылып алынды. Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
УКМКнын басма сөз борборунан маалымдалгандай, тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлдү.