КР УКМК зыян программаны колдонуп, Кыргыз Республикасынын УКМК ведомстволук сайтын мыйзамсыз бузууга аракет жасоо фактысы аныкталды.
Аталган факт КР Кылмыш-жазакодексинин 304-беренеси (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-беренеси (Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды.
Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында,1974-жылы туулган «К.Б.Т» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экендиги аныкталды, анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге анын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды.
Белгилей кетүүчү жагдай, ушул беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө айып пул же болбосо 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.