Тоо-кен кодексин кабыл алуу, мамлекеттин уставдык капиталында жүз пайыз катышуусу менен улуттук кен казуу компаниясын түзүү. Бул максаттагы жарлыкка кол коюлгандан бери тоо-кен тармагын реформалоо тууралуу аракеттер күч алды. Алдыда тоо-кен кодексин иштеп чыгып, бул тармактын ишин алып бара турган мамлекеттик холдинг түзүү тапшырмасы турат.