Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат. Кызматка дайындоо боюнча Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.