2021-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан УКМК өтүнүчү жана Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин Кара-Суу районунун "Сарай" айылынын өкмөт башчысы Т.З. кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын январь айынын башында Кыргыз Республикасынын Ош шаардык жана Ош облусунун УКМК тергөө башкармалыгы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун «Сарай» айылынын өкмөт башчысы кармалып жана Кыргыз Республикасынын Ош шаардык жана Ош облусттук УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
2021-жылдын 8-январында Ош шаардык соту тарабынан Т.З. карата үй камагына чыгаруу баш коргоо чарасы каралды.
Учурда тергөө жүрүп жатат.