Жаңылыктар
Экономикалык мунапыс кандай негизде ишке ашыралат
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык мунапыс кандай негизде ишке ашыралат

Убагында мыйзамсыз жол менен байып, өлкө казынасына зыян келтиргени тиешелүү органдар тарабынан аныкталган жарандар эми зыяндын ордун өлкө казынасына кайтаруу менен жазадан толугу менен кутула алышат. Же болбосо коррупциядан байыгандар өз ыктыяры менен келип, төгүм жүргүзсө аты-жөнү ачыкка чыгарылбай сыр бойдон сакталат. Бул аракеттер экономикалык мунапыс менен ишке ашат. Жакында бул шартты бекемдеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин талкуусуна экинчи окууда киргизилгени турат.