Жаңылыктар
Мамалекеттик башкаруудагы тазалануу
Кыргызстан жаңылыктары
Мамалекеттик башкаруудагы тазалануу

Таза эмес бийлик менен чырмалышкан, мыйзамсыз ишке аралашкан аткаминерлерди мамлекеттик башкаруудан алыстатуунун ыкмасы - люстрация. Бул демилге акыркы он жылдан бери көтөрүлүп келгени менен ишке ашпай келет. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин да бул маселе көтөрүлгөн. Эми октябрь айындагы толкундоолордон кийин да коомчулуктун талкуу чордонунда болууда. Люстрация боюнча мыйзам долбоору да демилгеленип жатат.