Жаңылыктар
Учурда Бишкек ЖЭБинин кампасында 300 миң тоннага чукул көмүр бар
Кыргызстан жаңылыктары
Учурда Бишкек ЖЭБинин кампасында 300 миң тоннага чукул көмүр бар

Кыш мезгилине даярдык көрүү иштери дагы деле үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Азыркы тапта Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун кампасында 300 миң тоннага чукул көмүр бар. Көмүргө болгон жылдык керектөө 1 млн тоннадан ашык болсо, калганы атайын график менен кышы бою келип турмакчы. Борбордун кызматкерлеринин айтымында, жылуулук берүү агрегаттардын, буу казандардын иштөө процесси да өтө маанилүү. Ушу тапта борбордогу бардык жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат.

“Бишкек жылуулук борбору график боюнча иштеп жатат. Азыркы тапта кышка даярдык боюнча өкмөттүн токтому менен көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар аткарылууда. План боюнча 1 миллион 110 миң тонна көмүр жана 400 миң тонна мазут керектелет. Учурда жылылуулук борборунун кампасында 295 миң 400 тонна көмүр, 5 тоннадан ашуун мазут бар. Калганы график боюнча ташылып келе берет”,- деди Жылуулук электр борборунун коопсуздук техника кызматынын башчысы Вячеслав Шамрай.