Жаңылыктар
Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, андагы кемчиликтер талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, андагы кемчиликтер талкууланды

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бүгүн пленардык жыйында баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, андагы кемчиликтер тууралуу жалпы талкуу өткөрдү. 

Жыйынга катышкандар бир жумадан бери талаш-тартыштын негизинде талкууланып жаткан конституцияга кайдыгер карабаган жарандар көп экендигин билдирди. Кеңешменин мүчөлөрүнө алыскы аймактардан жарандар байланышка чыгып, өз сунуштарын билдирүүдө. 

Арасында президенттин милдеттерин күчөтүү, күчтүү парламент түзүү жана татыктуу жарандык коом түптөө керек деген пикирлер да бар. Мындан сырткары бийликтин түзүмү, адам укуктары жаатындагы маселелер да каралды.