Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасынын натыйжалуулугу 95%ды түзгөнү жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Түз инвестициялар фонду тараткан маалыматта айтылды.
«Ыктыярчыларга вакцинаны сайгандан 42 күн өткөндөн кийинки жыйынтыгы боюнча, вакцинанын натыйжалуулугу 95% көрсөттү», деп билдиришти алар. Буга чейин 95% натыйжаны СOVID-19 вирусуна каршы даярдалган атаандаш эки вакцина көрсөткөнү маалымдалган. Алар америкалык «Pfizer» менен германиялык «BioNTech» компаниялары бирге даярдаган жана америкалык «Moderna» компаниясынын вакциналары.
Мындан сырткары 23-ноябрда британиялык «AstraZeneca» компаниясы даярдаган вакцина 70% натыйжа көрсөткөнү жарыяланган. Бул дары арзан болоору жана сактоого, ташууга ыңгайлуу экени айтылган. Орусияда өндүрүлгөн вакцина чет мамлекеттердеги кардарларга 20 доллардын тегерегиндеги баада сатылары, ал эми өлкө жарандарына бекер сунушталары маалымдалууда. Ал эми Америка менен Германиянын компаниялары бирге даярдаган вакцина 18 доллардан сунушталат.
Белгилей кетсек, Орусия коронавируска каршы өз вакцинасын кеңири колдонууга чыгарган алгачкы өлкө. Москва вакцинасын быйыл август айында расмий каттоодон өткөрүп, кеңири сыноону баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жогоруда аталгандардан башка да он чакты вакцинанын түрү натыйжалуулугу жана коопсуздугу жагынан эң соңку сыноо баскычынан өткөрүлүп жатат.