Жаңылыктар
Бишкекте диндер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган конференция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте диндер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган конференция өттү

Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте: диндер аралык кызматташтыктын тажрыйбасы” аттуу 4-эл аралык конференция өттү. 

Ага 20дан ашуун өлкөнүн дин кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү, белгилүү серепчилер катышты. Төрт жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан иш-чарада диндер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, диндер аралык өз ара аракеттенүүдө исламдын тарыхый тажрыйбасы, диндер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн заманбап процесстери, радикализмди алдын алуу жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү маселелери тууралуу сөз болду.