Жаңылыктар
Эльвира Сурабалдиева: Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Эльвира Сурабалдиева: Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат

Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева билдирди. 

Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салуу коронавируска байланыштуу. “Азырынча жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Анда көп киши чогулуп, социалдык аралык сакталбайт, сасык тумоонун таралышына жол ачылат. Айрыкча мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат”, - деди ал.