2021-жылдын республикалык бюджетине медицина кызматкерлерине төлөнүүчү кенемтенин суммасы киргизилди.
Ал 500 миллион сом экенин Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Мындан сырткары, бюджетте резервдик фондду 1,9 млрд сомго чейин жеткирүү каралууда. Каражат Ковид-19 илдети келерки жылы да уланса, аны менен күрөшүүгө пайдаланылат.