Жаңылыктар
Коронавирус илдети менен ооругандар акысыз дарыланышат
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус илдети менен ооругандар акысыз дарыланышат

Ковид-19 инфекциясы лабораторияда тастыкталган жана пневмонияга шектелип ооруканага жаткырылган оорулуулар акысыз дарыланышат. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат кызматы билдирди. 

Анда айтылгандай, мындай шарт оорулуунун жарандыгына, жеңилдиктерге жана камсыздандыруу макамына карабай баарына тегиз жайылтылат. Коронавируска байланыштуу ооруканага жатуу жана пневмонияны дарылоого байланышкан бардык чыгымдарды саламаттык сактоо мекемелери өз мойнуна алат.