Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 6 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 6 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 427 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгондордун бешөө Бишкектен, бирөө Ош облусунан. Ошол эле учурда 496 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 861 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 832 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 858 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 568 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 62 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 251 адам каза болду.