Акыркы учурда Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөлөр көбөйдү. Мындай жагдайлар тез арада жоюлушу керек, - дейт үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүп жаткан адистер.
Бул максатта Бишкекте өткөн жыйынга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, жергиликтүү бийликтен жана “Жигердүү долбоор”, “Демилгелүү ишкер аялдары”, “Аялдарга жардам берүү” сыяктуу коомдук уюмдардан өкүлдөр келишип, ойлорун ортого салышты.
Бүгүнкү КОВИД-19 пандемиясынын учурунда зордук- зомбулукка кабылган үй-бүлөлөр көбөйүүдө. Жабыркагандардын 80 пайызы аялдар болуп жаткандыктан алар үчүн атайын коргоочу жайлар да ачылган. Ал жердеги зомбулукка кабылган аялдарга психологиялык,укуктук жактан акысыз кеңеш, жардам берилүүдө.