Ички иштер органдарынын күнүмдүк турмушун, ишмердүүлүгүн жана эрдигин даңктоо максатында уюштурулган поэзия жанрындагы “Бир ырдын сынагы” конкурсу жыйынтыкталды.
Сынакка жиберилген чыгармаларды тандоодо атайын топ түзүлгөн. Бүгүнкү шартта милициянын образын ачып, анын түйшүгүн, эмгегин так жана көркөм чагылдыра алган поэзиялык чыгармалардын авторлору акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты. Сынакта биринчи орунду Кутмырза Жакыбалиев ээлеп, 20 миң сом жана диплом менен сыйланды.
Экинчи орунду маркум акын Зайырбек Ажыматов ээлеп, 15 миң сом жана диплом уулуна тапшырылды. Үчүнчү орунду Нарынбек Жамангулов ээлеп, 10 миң сом жана диплом алды. Төртүнчү орунду Ырысбүбү Сагынбаева ээлеп, 5 миң сом жана диплом менен сыйланды. Дагы кызыктыруучу сыйлыктар алты катышуучуга тапшырылды. Сынакка катышкан бардык калемгерлерге чын дилден ыраазычылыгымды билдирип, мындан ары да чыгармачылык зор ийгиликтерди, каалайм,- деди министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов.