Жаңылыктар
Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов көз жумду

Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындарынын айтымында, ал акыркы күндөрү ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолунун 33 жылын милицияга арнаган. ИИМдин басма сөз кызматында иштеп жүрүп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланыш бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.

Белгилей кетсек, Жолдошбек Бусурманкулов "Долондон канатымды кайрып алдым" аттуу даңазалуу обондуу ырдын сөзүн жазган.