Жаңылыктар
Ош шаарында шайлоо өткөрүү боюнча штабдын кеңейтилген кеңешмеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында шайлоо өткөрүү боюнча штабдын кеңейтилген кеңешмеси өттү

Ош шаарында шайлоо өткөрүү боюнча штабдын кеңейтилген кеңешмеси өттү. Жыйынга вице-премьер-министр Максат Мамытканов, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, Ош облусу жана Ош шаары боюнча шайлоо штабынын мүчөлөрү, район жетекчилери жана тартип сакчылары катышты. 

Вице-премьер-министр шайлоону таза жана мыйзамдуу өткөрүү талабын коюп, мурунку шайлоодо күмөн жараткан форма-2 колдонулбай турганын кошумчалады. Бирок, шайлоочулардын укугун сыйлап, шайлоочулардын жашаган жери боюнча каттап, биометрикалык каттоодон өткөрүүнү тапшырды. 

Мындан сырткары укук коргоо органдарына мыйзам бузуулар боюнча ыкчам, мыйзамдуу чараларды көрүү, бюджеттик кызматкерлер эгерде шайлоо участкаларында комиссия курамында болсо, басым болбош керектигин айтты. Ош облусунда 7 район, 88 айыл аймагы жана 3 шаар мэриясы жайгашып, жалпы 91 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бар. Жалпы 506 шайлоо участкасы катталган.