Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди.
Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүн көңүлгө алып, ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартууну, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынды. Ага ылайык, Канат Керезбековду үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылды. Конституциялык кеңешменин курамына
- Чолпонбек Абыкеев – коомдук ишмер;
- Мурат Укушев – көз карандысыз эксперт, конституционалист;
- Алмамбет Шыкмаматов – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;
- Толекан Исмаилова – “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмунун директору;
- Мурат Карыпов – тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, “Плюрализм” гезитинин редактору;
- Айдарбек Мамбеткадыров – көз карандысыз эксперт-юрист;
- Асел Абакирова– юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
- Кантемир Мурзабеков - Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
- Муратбек Иманкулов - Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
- Таалайбек Турсунович Шамурзаев - Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору Конституциялык кенешменин курамына киргизилди.