Жаңылыктар
Конституциялык реформа: коомчулуктун пикири
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык реформа: коомчулуктун пикири

Коомдук талкууга коюлган баш мыйзмдын жаңы долбоору алгачкы күндөн тартып эле түрдүү пикирлерди жаратууда. Бул, коомчулуктун жагдайга кайдыгер эмес экенин көрсөтүп турат.

Өлкөбүз акыркы он жылдан бери парламенттик башкаруу системасы менен жашап келсе да, парламенттик бийлик эл мүдөөсүн аткара алган жок деген пикирлер калк арасында айтылып эле келет. Парламенттик башкарууда кайсы гана маселе болбосун жоопкерчиликти ала турган конкреттүү бир кишинин жок болуп жатканы, нааразычылыкты арттырган жагдайлардын эң эле басымдуусу дейт Көпайбек Маткалыков.

7-ноябрда конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылгандан тартып түрдүү пикирлерди жаратып, кызуу талкууга алынууда. Саясатчылардан баштап, серепчилер, юристтер, коомдук ишмерлер жана карапайым калк дагы ар кыл багыттагы ойлорун билдиришүүдө.