Чүй облусунда жол эрежелерин сактоо боюнча рейд жүргүзүлүүдө. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын эреже бузуулары, унаалардын техникалык абалы текшерилүүдө. Аймакта акыркы бир айда эле коомдук транспорттор үч ирет кырсыкка кабылган.
Бул жерде күн сайын таң эрте Чүй облусунун Жол кыймыл коопсуздугуна көз салган кызматкерлери жүргүнчү ташыгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Негизги максат - жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, жол эрежесин так сактоого чакыруу.
Равил Мухамеджанов маршруттук таксинин айдоочусу. Бул тармакта 45 жылдан бери эмгектенип келет. Түшүндүрүү иштеринен кийин дайыма унаасынын ичин дезинфекциялап, кол кап, беткап, антисептиктерди даярдап, ишке чыгууга кам көрөт.
Линияга чыгаардан мурун маршруттук таксилердин айдоочулары транспорттун даярдалышынан тышкары өздөрү дагы текшерүүдөн өтүшөт. Буга чейин кан басым жана кандагы спирт ичимдигине текшерилсе, эми опурталдуу абалга байланыштуу дене табы, өпкөсү дагы каралууда.