Бажы кызматына орношуунун жаңы тартиби кирип жатат. Мындан ары бажычы болууну каалагандар атайын эки баскытан турган тесттен өткөндөн кийин гана кызматка кабыл алынат. Ал эми жооптуу кызматтагы жетекчиликке дайындала тургандар полиграф тесттен өткөрүлөт. Мындай кадам бажыдагы коррупциянын алдын алуу, бажычылардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жасалууда.
Бул максатта Мамлекеттик кадр кызматы менен Бажы кызматынын ортосунда өз-ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Бирок кайсы кызматкерлер калпты аныктаган детектрден өтөөрүн мекемелер аралык комиссия аныктайт. Учурда комиссия ишин баштады.