Жаңылыктар
Талаш-тартыш жараткан баш мыйзам
Кыргызстан жаңылыктары
Талаш-тартыш жараткан баш мыйзам

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү бүгүн бешинчи күнү катары менен секциялык талкуудан өттү. Үч топко бөлүнгөн кеңешменин мүчөлөрү башкаруу бийлигинин түзүмүн, элдик курултайды күчөтүү жана конституциянын негиздерин карап чыкты. Жыйынга мүчө болгон токсонго жакын окумуштуулар, аалымдар жана юристтерден сырткары каалаган жаран кандайдыр бир беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каааласа кагаз жүзүндө билдирүүсүн берсе болот. Бардык талкуулар жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык өтүп жатат.

Кайсыл учурда президенттин башкаруусу токтотулат же ал ишмердүүлүгүн уланта албайт. Бул маселе бүгүнкү башкаруу органдарынын түзүмүн талкуулаган жыйында көптөгөн талаш-тартыштарды жаратты. Бул ирет президенттин милдеттери укуктары менен катар жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

Парламенттин түзүмү буга чейин партиялык система аркылуу ишке ашып, калк арасында депутаттарга болгон нааразылыктар күчөгөнү талашсыз. Мындан улам бул ирет партиялык жана бир мандаттуу аралашма жол менен эл өкүлдөрүн тандоо жана алардын санын кыскартуу ыкмасы киргизилди.