Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Бишкек шаарындагы ЖЭБдин кыш мезгилине даярдыгын көрдү.
Жылуулук берүү агрегаттардын жана турбоагрегаттардын иштөө процесси менен таанышкан Рыскелди Мусаев ЖЭБдин кызматкерлеринен толук маалымат алды. Айта кетсек, жылуулук борбордун көмүргө болгон жылдык керектөөсү 1 млн тоннадан ашык. Ушул тапта анын 295 миң тоннасы даяр. Калганы атайын график менен кышы бою келип турат.
Ал эми бардык жабдуулар, буу казандар жана агрегаттар штаттык режимде иштеп жатканы айтылды. Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан өлкөнүн жетекчилиги үчүн маалымат даярдалат жана Бишкек ЖЭБдин ишин жакшыртууга багытталган тийиштүү сунуштар киргизилет.