Жаңылыктар
Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда орточо айлык акы 18 миң сомду түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда орточо айлык акы 18 миң сомду түздү

Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда орточо айлык акы чакан ишканаларды эсептебегенде 17 миң 925 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Бул былтыркыга караганда 9,2%га көп.

Статистика комитети белгилегендей, жарандардын кайсы иште иштегенине жараша орточо маяна 9 миң сомдон 36 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Бюджеттик эмес мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгек акысы 23,6 миң сомду түзүп, бюджеттин эсебинен айлык алып иштегендерге караганда 1,6 эсеге көп болгон.