Соңку тогуз айдын ичинде Кыргызстанда жалпы керектөөчү товарлардын наркы 2,9 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлады. Баалар дагы өзгөрөөрү күтүлүп жатат. Азык-түлүктүн айрым түрү арзандаса, айрымдары кымбаттайт деген божомол бар.
Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде былтыркы жылдын декабрь айынан 2020-жылдын сентябрына чейин баалар 4,2 пайызга жогорулады. Бул керектөөчү товарлардын 360 түрү боюнча жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн жыйынтыгы. Кыргызстан менен Россиянын көрсөткүчтөрү окшош.